• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө казакстандык жаран изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө Кара-Ой айылындагы Кара-Көл эс алуу жайында сууда скутер менен жүрүп жоголгон казакстандык жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 14-июль күнү 53 жаштагы казакстандык М.А. аттуу жаран скутер айдап кетип, дайынсыз жоголгон.

"Бүгүн издөө иштерине 66 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылып, моторлуу кайык менен издөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий