• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ысык-Көлдө келечектеги Раппопорта аллеясынын долбоорунун 2 варианты сунушталды

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Ысык-Көл облустук архитектурасы Леонид Раппопорта атындагы аллеясынын долбоорунун эки эскиздик вариантын сунушташты. Долбоорлор облус башчысы Асхат Акибаевдин облустун токой чарба жана архитектура жетекчилери менен болгон жумушчу кеңешмесинин жүрүшүндө көрсөтүлдү.

Өкмөттүн өкүлчүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, долбоорлор А.Акибаевдин тапшырмасы менен иштелип чыккан.

Облустун архитектору Мурат Токоевдин айтымында, аллеяда тротуарлар, велосипед жол тилкеси болот. Ал эми чеке жактарына каштан, сирень сыяктуу бак-дарактардын түрлөрү өстүрүлүп, аллеянын узундугу 1400 метрди түзөт.

Облус башчысы бул аллея жалпы жашоочулардын гана эмес, ички жана тышкы туристтердин сүйгөн жайына айланышы керек.

“Бул аллея ар кандай фестивалдар өткөн жергиликтүү тургундардын гана эмес, туристтердин да коомдук эс алуу жайына айланышы керек. Мисалы, Япониядагы сакуранын гүлдөө мезгили сыяктуу жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүп турууга болот”, - деди ал.

Эскиздерди карап чыккан өкмөттүн өкүлү облустук архитектурага долбоордун акыркы вариантын чыгымдардын эсеби менен 2017-жылдын 24-мартына даярдоону тапшырды. Токой чарба жетекчилери көчөттөрдүн бөлүгүн кайтарымсыз негизде берүүгө даярдыктарын билдиришти.

Мындан тышкары, облус башчысынын тапшырмасына ылайык облархитектура туристтик маалыматтык борборлордун эскиздерин сунушташты.

Облус башчысынын пикиринде, туристтик маалыматтык борборлор бардык 5 райондо жана Каракол, Балыкчы шаарларында болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий