• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө кичи ажылыктан келген 14 адам обсервацияга жаткырылган

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан келген 14 адам обсервацияга жаткырылган. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облустук штабдын маалыматында, 12-13-мартта Сауд Арабиядан учуп келгендердин ичинен 18 адам Ысык-Көлдөн болгон.

"18-марттан тарта 14 адам облустагы обсервацияда жатат. Калган 4 жаран Бишкекте жашагандыктан шаардык обсервацияга жаткырылган. Ошондой эле облустук штаб Саламаттык сактоо министрлигине 4 жаран шаарда кимдер менен жакын байланыш түзгөнүн аныктоо боюнча маалымат берген", - деп айтылат маалыматта.

Кичи ажылыктан келгендер менен байланыш түзгөн 1 миң 702 адам аныкталган. Алардын баары дарыгердин көзөмөлүндө.

COVID-19 илдети көп байкалган өлкөлөрдөн келген 4 кыргыз жараны да обсервацияда жатат.

Пикир

Оставить комментарий