• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө КМШ ТИМдеринин консультативдик кеңешинин юбилейлик отуруму өттү

Саясат 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. 8-9-июнда Ысык-Көл облусунда КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин юбилейлик 30-отуруму өттү.

КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара төрагалык кылуусуна байланыштуу Кыргызстандын аймагында өттү.

Жыйынга Кыргызстан, Россия, Беларусь, Армения, Казакстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрликтеринин консулдук департаменттеринин жетекчилери жана Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, КР министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү катышты. РФ Юстиция министрлигинин өкүлдөрү видеоконференцбайланыш режиминде катышты.

Тараптар Конвенциялардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты, электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап, консулдук багытта кадрларды даярдоо маселелери боюнча пикир алышты. Катышуучулар жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле согуш жүрүп жаткан аймактардан жарандарды эвакуациялоодо өз ара жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгү боюнча бир пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий