• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө компьютердик клубда тоноо болгон. Шектүү кармалды

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жаш жигит тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан белгилешкендей, Каракол шаардык милициясына компьютердик клубдун администратору кайрылып, 30нан 31-октябрга караган түнү болжол менен саат 03:00дө компьютердик клубда 20-25 жаштагы бала келип, бычак менен коркутуп 3 миң сом акча жана "Самсунг А6" үлгүсүндөгү телефонун тартып алганын билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, "Тоноо" беренеси боюнча сотко чейинки иш башталган.

Бул ишти жасаганга тиешеси бар делип Сокулук районунун 18 жаштагы С.С. аттуу тургуну кармалган.

"Алгачкы суракта ал күнөөсүн моюнуна алды. Анан тышкары андан далил заттар алынды", - деп айтылат маалыматта.

Каракол шаардык соттун чечими менен шектелүүчү 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий