• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө «Коопсуз жол» аталышында алдын алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балдар катышкан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштурууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана жаш өспүрүдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү мектеп окуучуларына облустук деңгээлде атайын комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө.

Алдын алуу иш-чарасы балдардын жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо көйгөйүнө ар бир адамдын көңүлүн буруу, ата-энелер, айдоочулар жана окуучулардын өздөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатында уюштурулган.

Милиция кызматкерлери жана мугалимдер балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күч-аракеттерди бириктирип, жолдо жүрүү эрежелери боюнча теориялык жана практикалык сабактарды, көндүмдөрдү өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүүдө.

Иш-чара үч этапта өтүүдө – теория, практика жана жол эрежесин сактоого чакырган мектеп окуучуларынын катышуусундагы жөө жүрүш.

Балдар менен өтүүчү теориялык сабакта негизинен жолдон коопсуз өтүү, көчөдө, коомдук транспортто өзүн кандай алып жүрүү жана жол белгилеринин ролу тууралуу сөз болот.

Практикалык сабактар оюн түрүндө өткөрүлүп – мектеп окуучуларын жол белгилери менен тааныштыруу, жөө жүргүнчүлөрдүн көчөдөн өтүүсүнүн эрежелерин, жол чырактарды үйрөтүү жана викториналар менен коштолот.

Жөө жүрүш айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө жол эрежесин сактоо зарылдыгын жеткирүүнүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөрүнүн бири.

Ошондой эле, профилактикалык иш-чаранын алкагында мектептерге жакын көчөлөрдө жол коопсуздугун камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө инспекторлор айдоочуларга жана башка жол кыймылынын катышуучуларына балдардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча эскертишүүдө.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы айдоочуларды балдар мекемелеринин жанынан унаа айдаганда өтө этият болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий