• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө "Коперникус" ишканасы жумушчуларга дээрлик 1,6 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Тоң жана Ысык-Көл райондору боюнча регион аралык башкармалыгынын эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер боюнча инспектору тарабынан "Коперникус" ЖЧКсынын жумушчуларынын жалпы жамааты эмгек маянаны өз убагында ала алышпай жатканы жөнүндө арызы жеринде каралды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында КР Эмгек кодексинин 157-беренеси аткарылбай, жумушчуларга эмгек маяна өз учурунда берилбей жатканы аныкталды. Бул боюнча 2020-жылдын 4-декабрында № 0053255 текшерүү акты жазылып, № 005741 сандуу эскертме жазуу менен 1 597 008 сом эмгек маяна жумуш берүүчү тарабынан, жумушчуларга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 157-беренесинин негизинде төлөп берүүсү милдеттендирилди.

Ачык булактарда ​​фирма туристтерди жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтөөрү айтылат.

Пикир

Оставить комментарий