• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган 14 жарандын 11и айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 23.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган 14 жарандын 11и айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, илдетти Каракол шаарында 8, Түп районунда 2, Жети-Өгүз районунда 1, Балыкчы шаарында 2, Ак-Cуу районунда 1 жаран жуктурган.

"14 учурдун 8и сырттан келген, калганы байланыш аркылуу жуктурган. Облус боюнча 11 жаран айыгып, 3 бейтап дарылануусун улантууда. Алардын абалы канааттандырарлык, дарылануусу да аяктап баратат. Обсервацияга жалпы 107 жаран жаткырылды. Жалпы 1 миң 488 ПЧР анализ алынды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1365ке жетти. Алардын ичинен 273ү медицина кызматкери. Илдеттен 957 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий