• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган 3 бейтап дарыланууда - Осмоналиев

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган 3 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, облуста жалпы 13 жаран илдетке кабылган.

"Коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу маселеси боюнча республикалык штабдын жетекчилиги астында иштер жүрүүдө. Ысык-Көл облусунда коронавирусту 13 жаран жуктурса, анын 10у толук айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми калган 3 бейтап Каракол шаарындагы облустук ооруканада дарылануусун улантууда. Алардын бирөө Россиянын Екатеринбург шаарынан, бирөө Нарын облусунан келсе, үчүнчүсү Бишкек шаарынын тургуну, ал Германиядан картошка жүктөп облуска келген", - дейт ал.

Осмоналиев кошумчалагандай, илдетке кабылган 13 жарандын 8и сырттан келген. Калган 5и алардын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1216га жетти. Алардын ичинен 255и медицина кызматкери. Илдеттен 827 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий