• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган акыркы бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды

COVID - 19 0


Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган акыркы айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган 10 учур катталган.

"Бүгүн коронавирус жуктурган акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды. Учурда облуста коронавирус менен ооругандар жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 843тү түзөт. Алардын ичинен 600 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий