• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө кошунасы 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.20. / Кабар/. 7-мартта Ысык-Көл облусунун Кашат айылынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган, анда аял 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет болгону тууралуу айткан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматында, окуя 5-март күнү болжол менен саат 14.00дө болгон. Кошунасы мас абалында келип, үй ээсинин 12 жаштагы кызын чечинтип, зордуктоого аракет кылып жаткан учурда, кыздын атасы үйүнө кирип калган. Жабыркаган кыз 4-класста окуйт.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий