• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө коттеджден өрт чыгып, бир адам каза болду

Аймак 0

Бишкек, 12.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ысык-Көлдө коттеджден өрт чыгып, бир адам каза болду,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-февралында болжол менен саат 18:35 чамасында Булан-Сөгөтү айылында “Фламинго” ЖЧК пансионатынын короосундагы коттеджден өрт чыгып, толугу менен күйгөн.

Өрт саат 20:25те чектөөгө алынып, саат 23:20да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 41 жаштагы кароолчу каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий