• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө кожоюн малчысын өлтүрүп, аны бөөдө кырсык катары көрсөткөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө кожоюн малчысын өлтүрүп, аны бөөдө кырсык деп көрсөтүүгө аракет кылган.

Маалыматка ылайык, 6-июлда саат 02:00дөр чамасында Ак-Суу райондук милициясына облустук бириккен ооруканадан билдирүү түшүп, анда Лесное айылынын 51 жаштагы тургуну М.М. өзүнүн 46 жаштагы айылдашы Э.К.нын жансыз денесин алып келип, медицина кызматкерлерине айылдашы тоо суусуна агып, каза болгондугун билдирип, белгисиз тарапка кетип калганы маалымдалган.

Аталган маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери жиберилген.

Каза болгон адамдын жаракаттары милиция кызматкерлеринде жарандын бөөдө кырсыктан каза болгондугу боюнча шектенүүлөрдү жаратып, эмне себептен каза болгондугун так билүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Лесное айылынын тургуну М.М. Каракол шаарынан табылып, Ак-Суу райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Анын көрсөтмөсүнө ылайык, каза болгон Э.К.нын үй-бүлөсү жок, акыркы 5 жылдан бери Алтын-Арашан жайлоосунда мал багып жүргөн. 5-июль күнү кечинде М.М. кашарына келсе, малчысы жок болуп, аны 30 метр алыстыкта жайгашкан көпүрөнүн жанынан суудан тапканын жана малчы көпүрөдөн сууга кулап кеткендигин билдирген. Жабырлануучунун абалы оор экенин көрүп, аны унаасы менен ооруканага жеткирүүгө аракет кылган. Бирок, ал жолдон каза болгон. Малчысын ооруканага калтырып, мал кароосуз калгандыктан кайрадан жайлоого кеткенин айткан.

Берилген көрсөтмөнүн чын-төгүнүн аныктоо максатында милиция кызматкерлери бир катар тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө катылган кандын издери бар сынган таяк менен малчынын төшөнчүсү табылып, далил зат катары алынган.

Талашсыз далилдердин негизинде Лесное айылынын тургуну М.М. чындыкты жашыра албай, малчынын өлүмү боюнча күнөөсүн мойнуна алды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, пикир келишпестиктен улам кашардын ээси малчысын таяк менен бир нече жолу башка ургандыгын жана анын абалы оор болгондон улам ооруканага жеткиргендиги аныкталган.

Аталган окуя боюнча Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий