• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көлдө кум айкелчилеринин фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 15-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Чолпон-Ата шаарында кумдан айкел жасаганды сүйүүчүлөрдүн арасында фестиваль өтөт.

Долбоордун жетекчиси Темирлан Ибраев “Кабар” агенттигине билдиргендей, өткөн жылы Ысык-Көлдө “Тарых жана маданият” жылына жана “Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына” арналган Борбор Азиядагы алгачкы кум айкелчилеринин фестивалы уюштурулган.

“Долбоор тарых жана маданият жылындагы эң мыктылардын бири деп табылган. Ошондой эле, эл аралык адистер тарабынан да мактоого арзыган”,-деди Т. Ибраев.

Ошондой эле, уюуштуруучу өткөн жылы аталган фестивалга катышууга кызыккандардын саны көп болгонун, бирок, анда кесипкөйлөр гана катышкандыгын кошумалады.

“Быйыл кум айкелин жасоого кызыккандардын баардыгы катыша ала тургандай фестиваль уюштуруп жатабыз. Ага ЖМКлардын, элчиликтердин, эл аралык мекемелердин, шоу-бизнестин, спорттун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана атка минерлер дагы катышса болот”- дейт Т. Ибраев.

Мындан тышкары, “Ыйман жана маданият” жылына арнап, “Кыргызстан замандаштардын көзү менен” деген темада 20 айкел жасоо пландалган.

Белгилүү болгондой, кумдан жасалган айкелдер Чолпон –Ата шаарында 3 айдан ашык турат. Бул өз кезегинде Ысык-Көлгө келген туристтерди кубантпай койбойт.

Пикир

Оставить комментарий