• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө курулуш материалдарын уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө курулуш материалдарын уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-февралда Ысык-Көл райондук милициясына Сары-Камыш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар короосунан 15 миң сом акча каражатын түзгөн курулуш материалдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Арыз райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурдоо”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кылымыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 24 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы И.С. аттуу тургундары кармалып, алгачкы суракта кылган кылмышы боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты.

Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун тактоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий