• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө куткаруучулар жоголгон туристти издөөнү улантууда

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө куткаруучулар үй-бүлөсү менен эс алып жүрүп жоголуп кеткен россиялык туристти издөөнү улантууда.

ӨКМ билдиргендей, 15-июлда Россия жана Казакстандан келген 5 турист, алардын бардыгы бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, ата-энеси Россиянын, кызы Казакстандын жараны Ак-Суу аймагындагы Ала-Көл жайлоосунда эс алып жүрүшкөн. Ошол эле күнү 29 жаштагы жаран К.В. дайынсыз жоголуп кеткен, акыркы жолу ал Каракол дарыясынын жээгинде болгон.

Жоголгон жарандын атасынын айтымында, анын үй-бүлөсү (5 адам) Каракол – Алакөл жайлоосуна көпүрөдөн өтүп, отун алып келүү үчүн барышкан, анын 1992-жылы туулган кызы көпүрөнүн аркы өйүзүндө калган, натыйжада ал дайынсыз жоголгон.

«Бүгүн издөө иштерине 08:30да Каракол шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 13, саат 10:00до ӨКМнын Ысык-Көлдөгү башкармалыгынан 3, Ак-Суу райондук ӨКМ башкармалыгынан 11, жалпы 27 куткаруучу жана Каракол жаратылыш паркынын 5 кызматкери издөө иштерин улантышууда»,-деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий