• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө кыштаган кызгылт фламинго – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Сүрөтчү Иван Турковский Facebook баракчасына Ысык-Көлдө кыштаган кызгылт фламингонун сүрөттөрүн жайгаштырган.

Сүрөтчү жылына кыштаганы келген кызгылт фламингону көрүш үчүн Ысык-Көлдү үч жолу тегеренип айланып чыккан. Тек гана үчүнчүсүндө февраль айында экзотикалык канаттууну жолуктурган.

“Достор, алыста туруп, ушул өзгөчө жандын бейкапар жүргөнүн карап отуруу - өзгөчө керемет! Канаттууну көрүүнү каалагандар ага зыян келтирип коюшпасы үчүн алардын сүрөттөрүн фламинго учуп кеткенден кийин жазында чыгарууну чечтим”, - дейт Турковский.

Маалымдама: кызгылт же карибдик фламинголор жашай турган жерин абдан дыкат тандашат. Алар абдан коркок канаттуулар болушат. Азияда уялап, кышкысын Иран жана Индияга учуп кетишет. Алардын көпчүлүгү өз үйлөрүн табигый кырсыктар болгон шартта гана таштап кетишет.

Пикир

Оставить комментарий