• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө кыштаган кызгылт фламинго – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 05.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстанга кызгылт фламинголор учуп келишет. Буга Ысык-Көлдүн жээгиндеги канаттуунун сүрөттөрү далил.

Сүрөтчү Иван Турковский бул сүрөттөрдү Facebook баракчасына жарыялап, Кыргызстандын жаратылышы ар түркүн болгондуктан бул таң калычтуу эмес экенин белгилеген.

“Бул экзотикалык кушту өлкөбүздө сезондук миграция, Ысык-Көлдө кыштоо учурунда кездештирүүгө болот”, дейт Туркосвкий.

Ал канаттууну көрүүнү каалагандар ага зыян келтирип коюшпасы үчүн алардын кайда экенин айтпай турганын белгилеген.

Маалымдама: кызгылт же карибдик фламинголор жашай турган жерин абдан дыкат тандашат. Алар абдан коркок канаттуулар болушат. Азияда уялап, кышкысын Иран жана Индияга учуп кетишет. Алардын көпчүлүгү өз үйлөрүн табигый кырсыктар болгон шартта гана таштап кетишет.

Пикир

Оставить комментарий