• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө кызганычтан улам күйөөсү аялын атып салды

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда бир жаран кызганычтан улам аялын атып салды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-июнда саат 04:00дө Тоң районунун нөөмөт бөлүмүнө 16-июнь күнү "Кара-Саз" тилкесинде Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургуну өзүн өзү аткан деген маалымат түшкөн. Окуя жерине милиция кызматкерлери барган.

Белгилүү болгондой, Тогуз-Булактын 29 жаштагы К.И. аттуу тургуну өзүнүн жубайы А.Н. менен жайлоодо айылдаштарынын малын кайтарып, "Кара-Саз" тилкесинде жашап турган.

16-июнь күнү кызганычтан улам жубайлар уруша кеткен. Анын жыйынтыгында күйөөсү аялын үйүндө мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал менен аткан. Жубайы ошол эле жерден жан берген.

Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Далил катары ок атуучу курал алынган. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий