• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө 3 күндө жол эрежесин бузган айдоочуларга 789 миң сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө кызматтык унаалардын айдоочулары тарабынан жол эрежесин бузуунун алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери мас абалда унаа башкарган айдоочуларды аныктоо, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын кызматтык унааларын өз максатында колдонууга, ошондой эле жол эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл бурушту.

"12-августтан 14-августка чейин өткөн рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекторлор тарабынан жалпысынан 307 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган, анын ичинен 26 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы тастыкталган", - деп айтылат маалыматта.

Милициядан билдиргендей, облустун мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын 20 кызматтык унаалардын айдоочулары жоопкерчиликке тартылды.

Уч күндүк рейддин жүрүшүндө жол эрежелеринин талаптарын бузгандыгы үчүн айдоочуларга жалпы 789 миң сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий