• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көлдө “Лексус” унаасы тоголонуп, ичинде 4 адам тирүүлөй күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.17. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынын натыйжасында 4 адам күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 04:27 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 112 чакырымында жол кырсыгы катталган. “Лексус-300” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, тоголуп өрттөнүп кеткен.

“Өрттү өчүрүү үчүн бир өрт өчүрүүчү топ жана куткаруучулар тартылды. Өрт 05:30 өчүрүлгөн. Жол кырсыгынын натыйжасында натыйжасында 4 адам каза болду. Каза болгондордун өздүгү такталууда”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий