• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелүү жаранга жер тилкеси берилген эмес. Прокурордук акты киргизилди

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаранга жер тилкеси берилген эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга турак жай же жер тилкелери кезексиз жана артыкчылыктуу тартипте берилет.

“Бирок Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын Ч.Ж. аттуу (2-топтогу майып) тургуну турак жайга же жер тилкеге ээ болгон эмес. Анын укуктарын коргоо максатында Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги токтомунун негизинде Ч.Ж. аттуу жаранга турак жай куруу үчүн 0.10 га жер участогу бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий