• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугу калыбына келтирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн негизинде Ысык-Көлдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кресло-арабалар менен камсыз болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамдарга ылайык, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, кыймылы жабыркаган адамдарга мамлекет тарабынан кыймылдап-жылып турууга керектүү техникалык каражаттар берилүүгө тийиш.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жашаган көрсөтүлгөн категориядагы 5 бала көп убакыттан бери кресло-араба менен камсыз болбогондугу жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саламаттыкты чыңдоо мекемелерине жолдомо алуусу боюнча кыйынчылыктар орун алып келгендиги аныкталган.

Алардын укугун коргоо максатында, Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына прокурордук чара көрүү акты келтирилген. Аны кароонун жыйынтыгы менен 5 майып бала кресло-коляска менен камсыз болуп, мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адам курорттук-санаторий мекемелерине жолдомо алышты.

Пикир

Оставить комментарий