• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ысык-Көлдө майрамга карата милициянын гарнизондук бөлүштүрүүсү болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө жаңы жылдык майрамга карата милициянын гарнизондук бөлүштүрүүсү болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык майрамдарга карата коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган Ысык-Көл ОИИБдин күчтөрүнүн жана каражаттарынын гарнизондук бөлүштүрүү инструктажы болуп өттү.

Гарнизондук бөлүштүрүүнүн негизги максаты коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кызмат өтөөгө чыгып жатышкан милиция кызматкерлеринин даярдыктарын текшерүү болуп саналат.

Аталган иш-чарада Ысык-Көл ОИИБдин жаңы түзүлгөн туристтик-экологиялык милициянын өздүк курамы жана заманбап техникасы да тартууланды.

Гарнизондук бөлүштүрүүдө сөз сүйлөгөн Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Джумагазиев майрам күндөрү милиция кызматкерлеринин аткара турган негизги милдеттерин жана талаптарын белгилеп кетти.

«Келе жаткан жаңы 2022-жылды татыктуу тосуп алуу үчүн, азыртадан баштап тийиштүү иш чаралар колго алынып келүүдө. Биздин негизги милдет, жарандарыбыз өздөрүнүн коопсуздугуна сарсана болбостон, жаңы жылдык майрамды ачык маанайда тосуп алууну камсыздоо болуп эсептелинет. Ошондой эле, өзгөчө маанилүү объектилеринде да тийиштүү күзөт иштерин камсыз кылуу керек», - деп белгилеп кетти областтык милициянын жетекчиси.

31-декабрында облустун аймагында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча 700дөн ашык милиция кызматкерлери кызмат өтөшөт. Ал эми, негизги майрамдык иш чарасы өтө турган Каракол шаарынын борбордук аянтында болсо 300гө жакын милиция кызматкерлери жана 100 эркин элдик кошундардын мүчөлөрү коомдук тартипти камсыз кылышат. Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн облустун аймагында жол коопсуздугунун 19 посту жана жол-кайгуул кызматынын 15 экипажы кызмат жүргүзүшөт.

Гарнизондук бөлүштүрүү иш-чарасына катышкан КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев милиция кызматкерлерин келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, өзгөчө ишенич жаңы түзүлгөн туристтик-экологиялык милициясына көргөзүлүп жатканын белгиледи.

«Акыркы жылдары, экология темасына жана жаратылышты коргоо коомчулуктун өзгөчө көңүлү бурулуп жатат. Биз, сиздер менен бирге, облусубуздун, анын ичинде келечек муунубуздун эртеңки күнүнө кайдыгер карабаган, өзгөчө маданиятка жана жоопкерчиликке ээ болгон жарандарыбыздын сезимин көтөрүшүбүз керек. Бул негизинен туристтик-экологиялык милициянын аткарган кызматына байланыштуу болот. Ошондуктан, сиздерге өзгөчө ишенич көргөзүлүп жатат», - деп белгиледи ал.

Белгиленгендей, гарнизондук бөлүштүрүүдөн кийин облусттук милициянын тартылган күчтөрү жана каражаттары тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн кызмат орундарына жөнөп кетишти.

Пикир

Оставить комментарий