• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө мал уурулар тобу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө мал уурулар тобу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын масма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү Ысык-Көл РИИБне Тамчы айылынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар айылдын четиндеги талаадан эки баш бээсин уурдап кеткендиги жөнүндө билдирген.

Арыз райондук милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары эки жергиликтүү тургун кармалды. Алар, 34 жаштагы Б.А. жана 27 жаштагы Т.А. болуп чыгып жана алдын ала суракта күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алды.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынан улам, аталган кылмыш тобу өткөн жылдын июль айынан бери, райондун аймагында 6 мал уурулукка катыштыгы бар экени жана 3 баш бодо малды, 4 баш жылкы уурдашканы аныкталган.

Райондук соттун чечими менен кылмышка шектүүлөргө карата «Үй камагына алуу» баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда аталган топтун башка мал уурулук фактыларына тиешестиги бар, же жоктугу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий