• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө мал уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүүдө

Аймак 0


Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда мал уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда мал уурулук айыл тургундарынын эң курч көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. 9-ай ичинде Ысык-Көл облусунун аймагында 146 мал уурулк фактысы катталып, анын 104 учуру милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында ачылган.

Мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жуманын дем алыш күндөрү өткөрүлгөн рейддик иш-чара учурунда милициянын 8 посту уюштурулуп, анда кызмат өтөшкөн 40 милиция кызматкери Каракол жана Токмок шаарларындагы мал базарларда 104 автоунаалар мал ташууга жана башка уруксат берилүүчү иш кагаздар текшерүүдөн өттү.

Текшерүү учурунда мал ташып бара жаткан 32 адамда тийиштүү уруксат кагаздары жанында жок болгондутан, алар жашаган жерлерине кайтарылып, ал жерден жеригиликтүү бийлик органдарынан жана ветеринардык кызматтардан малдардын аларга тиешелүүлүгү текшерилди.

Ошондой эле, “Касапчы” аттуу рейддик иш-чаранын негизинде КМК кызматкерлери тарабынан мал уурулук фактысы менен кылмышка шектелип 28-жаштагы Ж.У. кармалып, 4 баш кой уурдап кеткендиги боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Келтирилген чыгым 35 миң сомду түзгөн. Ал Жети-өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, келтирилген чыгым төлөнүп берилип, тергөө иш-амалдары жүрүүдө.

Профилактикалык рейд учурунда иш-чарага тартылган милиция кызматкерлери мал базарлардын жана мал жандыктарынын ээлери менен кезигишип, малдардын тийиштүү кагаздарын текшерүүдөн өткөрүп турушун эскертишти.

«Жүргүзүлүп жаткан рейддик-профилактикалык иш-чаралардын аркасында мал уурулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери мал уурулукту алдын алууга жана азайтууга багытталган мындай ыкчам-профилактикалык иш-чараларды ар дайым өткөрүп турмакчы», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий