• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө мал уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүүдө

Аймак 0


Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Нурбаевдин жетекчилиги астында милиция кызматкерлери кылмыштын ушул түрүн азайтууга багытталган рейддерди өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда мал уурулук айыл тургундарынын эң курч көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Анткени, элеттиктерге мал-жандык күнүмдүк жашоонун эң маанилүү каражаттарынын бири болуп саналгандыктан, мал уурулуктун кесепетинен, турмуштун оор шарттарына батып калышы мүмкүн. Алып айтсак, Ысык-Көл облусунун аймагында 1-чейректе 107 мал уурдоо фактысы катталып, милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында анын 76 учурунун бети ачылган.

Маалыматка ылайык, мал уурулуктун кесепетинен мал ээлерине 5 млн 309 миӊ сом өлчөмүндө зыян келтирилсе, анын 3 млн 653 миӊ сом өлчөмүндөгү уурдалган мал милиция кызматкерлери тарабынан ээлерине кайтарылып берилди.

Өткөн жуманын дем алыш күндөрү өткөрүлгөн рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө милициянын 8 посту уюштурулуп, анда кызмат өтөшкөн 40 милиция кызматкери, Каракол жана Токмок шаарларындагы мал базарларына 104 автоунаалар мал ташууга жана башка уруксат берилүүчү иш кагаздар текшерүүдөн өттү.

Текшерүү учурунда мал ташып бара жаткан 16 адамда
тийиштүү уруксат кагаздары жанында жок болгондутан алар жашаган жерлерине кайтарылышып, ал жерден жергиликтүү бийлик органдарынан жана ветеринардык кызматтардан чындап малдар аларга тийешелүү экендиги текшерилди.

Профилактикалык рейд учурунда иш-чарага тартылган милиция кызматкерлери мал базарлардын жана мал жандыктардын ээлери менен кезигишип, малдардын тийиштүү кагаздарын текшерүүдөн өткөрүп турушун эскертишти.

«Жүргүзүлүп жаткан рейддик-профилактикалык иш-чаралардын аркасында мал уурулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери мал уурулукту алдын алууга жана азайтууга багытталган мындай ыкчам-профилактикалык иш-чараларды ар дайым өткөрүп турмакчы», - деп белгиледи Таалайбек Нурбаев.

Пикир

Оставить комментарий