• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовдун айкели тургузулду

Аймак 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Болот Мамбетовдун 115 жылдыгы белгиленип, айкели тургузулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, экс премьер-министр Турсунбек Чыңгышев баштаган мамлекеттик ишмерлер, Болот Мамбетовдун туугандары, урпактары жана район тургундары катышты.

Белгилүү мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовдун айкели Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына тургузулду.

Иш-чарага келгендер Эшперов айылындагы Болот Мамбетовдун музейине баш багып, ишмердин кылып кеткен эмгектерин эскеришип, куран окулду.

Болот Мамбетов 1907-жылы Тоң районундагы Жер-Үй айылында туулган. Мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1929-жылдан тартып КПССтин мүчөсү болгон. 1930-жылы Оренбург шаарындагы рабфакты бүтүп, 1935-жылы Москвадагы гидротехникалык институтун аяктаган.

1935-1940-жылдары Кыргызстандагы суу чарбасы, ошондой эле ирригация курулуш мекемелеринде эмгектенген.

1940-жылы Кыргызстан КП (б) БКнын 3-катчысы

1941-1945-жылдары Кыргызстан КП (б) БКнын транспорт, ошондой эле байланыш жагынан катчысы жана орун басары

1945-1953-ж-жылдары Компартиянын Фрунзе облустук комитетинин 1-катчысы

1953-жылы Кыргызстан Илимдер академиясынын Суу чарба ошондой эле энергетика институтунун директору

1954-1961-жылга чейин Кыргыз Республикасынын суу чарба министри

1961-1968-жылдары Кыргыз Республикасынын министрлер советинин төрагасы болуп эмгектенген.

Болот Мамбетов СССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, үч Ленин, үч Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий