• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көлдө манасчы Сагынбай Орозбаков жөнүндө көркөм тасма тартыла баштады

Маданият 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында манасчы Сагынбай Орозбаков жөнүндө «Сагынбай манасчы» көркөм тасмасын тартуу башталды. Бул тууралуу аталган киностудиянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тасма 1921-жылдарды чагылдырат. «Ыбырай Абдрахманов советтик бийликтин тапшырмасы менен көп балалуу, кедейликтен кыйналган Сагынбайга анын манасынын вариантын кагазга түшүрүү үчүн келет. Ал бир нече айга келген, бирок манасчы Сагынбайдын бүтпөгөн манасын жазып атып 5 ай өтүп кетет»,-деп айтылат маалыматта.

Тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров, оператор-коюучусу Санжар Абдыжапаров, көркөм-коюучусу Төлгөбек Койчуманов, кийимдер боюнча сүрөтчүсү Замира Молдошева.

Тасма Ысык-Көл облусунда тартылат.

Пикир

Оставить комментарий