• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көлдө маршрутка жолго чуркап чыккан жылкыдан буйтайм деп оодарылып калды. Видео

Кырсык 0


Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Бишкек – Балыкчы – Каракол трассасында маршрутка кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык кечээ, 17-февралда Семеновка жана Ананьев айылдарынын ортосундагы жолдо болгон. Бишкектен Караколго бара жаткан "Мерседес Спринтер" үлгүсүндөгү кичиавтобустун айдоочусу жолго чуркап чыккан жылкыдан буйтайм деп жол четиндеги бакты сүзүп, оодарылып калган.

Жол кырсыгынан төрт адам жабыркаган.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий