• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция чаржайыт таштанды таштоочу жерлерди аныктоодо

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын демилгеси менен уруксатсыз таштандылардын ордун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, аларды жоюу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берилип келүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Каракол шаарынын «Макиш» базарынын жана Балыкчы шаарынын көрүстөнүн жанында орун алган чаржайыт ташталган таштандылар тазаланып чыкты.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынан белгилегендей, тилекке каршы, биздин жарандар таштандыларды белгиленбеген жерге таштоо адатын жок кыла албай жатышат. Ошону менен бирге, мындай кайдыгерлик климаттын глобалдык өзгөрүшүнө, айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына жана уникалдуу жаратылыш объектилеринин жоголушуна алып келет.

Эскерте кетсек, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин негизинде, белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштоо – эскертүүгѳ же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салууга алып келет.

Белгилей кетсек, уруксатсыз таштанды төгүүчү жайлар экологиянын булгануунун негизги факторлорунун бири болуп, атмосфера, суу булактары, жер кыртышы жана жаныбарлар дүйнөсү сыяктуу табигый компоненттерге өзүнүн терс таасирин тийгизет. Түздөн-түз жер кыртышынын үстүндө болгондуктан, таштандылар айыл чарба жүгүртүүсүнөн жана биосферадан жердин кыйла бөлүгүн жараксыз кылып, булгоочу заттарды алып келет.

Пикир

Оставить комментарий