• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Ысык-Көл облустук милициясынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев Ак-Суу районуна жана Каракол шаарына барып, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын жашоосу жана турмушу менен таанышты.

Облустук милициядан билдиришкендей, жолугушуулар үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана алдын алууга, жабыр тарткан жарандарга укуктук жана психологиялык жактан жардам көрсөтүүгө багытталган.

Милиядан белгилешкендей, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар көбүнчө аялдар. Зомбулуктун орун алышына көбүнчө спирт ичимдиктери себеп болот. Анын кесепетинде үй-бүлөдө чыр-чатактар чыгып, уруп-сабоо учуру менен аяктайт.

“Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар, үй-бүлөдөгү мамилесин бузуудан коркушат. Ошол эле учурда, мындай көрүнүштү ачыкка чыгарбоо менен жаңы зомбулуктун орун алышына шарт түзөрүн ойлошпойт. Жада калса милицияга кайрылган жабырлануучулар кийин өз дооматтарынан баш тарткан учурлар да көп кездешет”, - деди Бекишев.

Облустук милициянын башчысынын орун басары үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар жана бул укук бузуу фактысын кылган жарандар менен маектешип жатып, мындай учурлардын кооптуулугу - бул укук бузуунун түрү оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин түшүндүрдү.

"Жазасыз калуу кыйла катаал учурларга түрткү берет. Бул өзү ден соолукка оор зыян келтирүүгө, ошондой эле өзгөчө оор кылмыштарды жасоого алып келиши мүмкүн", - деди ал.

Мындай жолугушуулар Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий