• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкери чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып алды

Аймак 0


Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкери чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып алды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-июль күнү Ысык-Көл ОИИБнин милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкери, милициянын старшинасы Акылбек Токталиев өзүнүн кесиптештери менен Каракол-Пристань шаарчасындагы көл жээгинде коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан.

Ошол мезгилде, эс алып жатышкан 14 жаштагы өспүрүм, теңтуштары менен көлдүн кичинекей аймагын сүзүп өтүүнү чечишкен. Бир нече жолу чабак уруп, жээктен бир аз алыстаганда эле, чөгө баштаган. Анын карындашы болсо, элди жардамга чакыра баштаган.

"Милиция кызматкери, көлдүн жээгинде чогулган адамдардан биринчилерден болуп, убакыттын ар бир секундасы кымбат экенин түшүнүп, формасын чечпестен көлгө кирип уландын өмүрүн сактап калууга аракет көрөт. Чукул көлдүн тереңдиги, өспүрүмдү биринчи эле аракеттен куткарып калууга мүмкүнчүлүк берген жок. Кайра демди алып, кайтадан көлгө чумкуганда, милиция кызматкери баланын колунан кармап, аны жээкке чыгарууга үлгүрө алды. Жээктен, чөккөн өспүрүмгө жардам көрсөтүлдү. Милициянын старшинасы Акылбек Токталиевдин ыкчам жана билгич аракетинен улам, өспүрүмдөрдүн өмүрүн сактап калууга мүмкүн болду", - деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий