• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аквапарктарды жана бассейндерди текшерди

Аймак 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аквапарктарды жана бассейндерди текшерди. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун аймагында жалпысынан 25 бассейн жана 2 аквапарк бар. Жайкы туристтик мезгилинде аталган жайларда көптөгөн эс алуучулар болгондуктан алардын коопсуздук эрежелери текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

Ысык-Көл РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору райондогу ар бир бассейн менен аквапарктарда болушуп, жаш балдар жана өспүрүмдөр үчүн ылайыктуу шарттардын камылгасы боюнча кабар алышты. Ошондой эле, куткаруучу кызматкерлердин иш алып баруусу боюнча дагы тийиштүү маалыматтар алынып, актылар түзүлүп кетти.

Милиция кызматкерлердин айтымында, заманбап аквапарктарда жана бассейиндерде, балдар үчүн атайын аянтчалар, өздөрүнүн ченемдери менен болууга тийиш. Ошол эле учурда, аталган жайлар көңүл ачуучу мүнөзүнө карабастан, аквапарктар жана бассейиндер кооптуу жерлер болуп саналат. Андыктан, ата-энелер өз балдарына сак болуусун унутта калтырбашы керек.

Мындай текшерүү иш-чаралары, милиция кызматкерлери тарабынан өз мезгили менен тынымсыз текшерилип турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий