• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын тапшырышты

Аймак 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл районунда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын белек катары тапшырды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл сайын милиция кызматкерлери жаӊы окуу жылынын алдында облустун аймагында «Камкордук» аталышындагы акциясын өткөрүп келишет. Анын негизги максаты аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына, ошондой эле жетим калган балдарга жаӊы окуу жылына даярданууга көмөк көрсөтүү болуп эсептелинет. Ушундай акция жай мезгилинин акыркы дем алыш күндөрү Ысык-Көл районунда болуп өттү.

Ысык-Көл РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Алия Олжобаеванын айтымында, жаш өспүрүмдөр арасындагы жол кырсыктардын, укук бузуулардын алдын алууга багытталган, андан тышкары кайрымдуулуктун ар кандай түрлөрү боюнча акциялар өткөрүлүп келет. Бул жолу беш аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына канцтоварлар жана окуу курал түрүндөгү жардам көрсөтүлдү.

«Биз жылда өз күчүбүз менен аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө мектеп куралдарын жана формаларын сатып алууга жардам көрсөтүп келебиз. Быйыл, ата-энелери менен батирлерде ижарада жашаган 10 жаш өспүрүмдөргө жардам көрсөттүк. Мындай иш-чаралар менен биз жеке эле көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарына жардам көрсөтпөстөн, социалдык жагдайдан улам, окуучулардын мектепке окууга барбай калышынын алдын алып жатабыз», - деп белгиледи Алия Олжобаева.

Белгилеп кетсек, жардам алышкан үй-бүлөлөр милиция кызматкерлерин белектерине ыраазычылык билдиришип, балдарынын спорттогу жетишкендиктери менен бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий