• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балдардын эс алуу жайларын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев жана Ысык-Көл РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен бирдикте балдардын эс алуу жайларында өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштурулган иштерди кезектеги текшерүүдөн өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Ысык-Көл районунун аймагында 15 жайкы балдар эс алуу жайлары иштөөдө, анын ичинен 4 мамлекеттик жана 11 жеке менчик болуп эсептелинет.

Иштеп жаткан жайкы балдардын эс алуу жайларынын ар биринде болушкан милиция кызматкерлери мекеменин өткөрүү тартиби менен кеӊири таанышышты.

Балдардын эс алуу жайларынын тосмолору, санитардык эрежелердин ченемдери, ошондой эле бир катар башка маанилүү аспектилер дагы кылдаттык текшерүүдөн өткөрүлдү.

Текшерүү учурунда өзгөчө көӊүл балдардын коопсуздугун уюштурулушуна бурулуп, балдардын эс алуу жайларынын өкүлдөрүнө жана коопсуздук кызматынын кызматкерлерине кошумча инструктаждар берилди.

Текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтер боюнча балдардын эс алуу жайларынын жетекчилерине каттарды жолдошуп, аларды кыска мөөнөттүн аралыгында жоюу боюнча талаптар коюлду. Жайкы балдардын эс алуу жайларынын администрациясына болсо, өзгөчө кырдаал, же болбосо коомдук коопсуздукту бузуу учуруларында, алардын кандай аракеттерди көрүү алгоритмдери түшүндүрүлүп кетти.

Андан тышкары, эс алып жаткан балдар менен кезиккенде өспүрүмдөр эс алуу жайларынын турмушу жана балдар арасында кандай мамилелер түзүлгөндүгү жөнүндө милиция кызматкерлерине айтып беришти.

Мындай текшерүүлөр милиция кызматкерлери тарабынан жайкы эс алуу мезгилинин аягына чейин өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий