• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди берди

Аймак 0


Бишкек, 03.01.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди берди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлерине жаңы жыл майрамы менен мигранттардын балдарын, жалгыз тарбиялап жаткан көп балалуу жана колунда майып балдары бар үй-бүлөөлөрдү куттуктоо өзгөчө бир жакшы салтка айланып калды.

"Милициянын Аяз ата жана Аяз кызы балдарга таттуу белектерди, алардын ата-энелерине азык-түлүктөрдү тапшырышты. Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери болсо эки жылдын аралыгында Түп районунун Михайловка айылынын тургуну Аскат Алымбаевдин үй-бүлөөсүнө жардам көрсөтүп келишүүдө. Ал жалгыз, өспүрүм балдары менен ижарага алынган батирде жашап, аларды тарбиялап келүүдө. Келинчеги 2018-жылы кичүү наристесин төрөө учурунда каза болгон. Чогулган каражатка милиция кызматкерлери балдарга белектерди, ал эми азык-түлүктү жаңы жылды үй-бүлөөнүн тегерегинде тосуу үчүн тапшырып кетишти", -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Ысык-Көл районунун Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, айылда орун алган коррекциялык классынын ден-соолуктары чектелген окуучуларына майрамдык иш чараны уюштуруп беришсе, Жети-Өгүз районунун Тамга айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери болсо, айылда майып баланы жалгыз тарбиялап жаткан энеге мейманга келишип, өздөрүнүн жаңы жылдык белектерин тапшырып кетишти.

Пикир

Оставить комментарий