• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууда

Аймак 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эмдөөнүн биринчи этабына эч кандай медициналык каршы көрсөтмөсү жок милиция кызматкерлерине уруксат берилди.

Биринчилерден болуп, калк менен түз байланышта кызмат өтөшүп, инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу бар милиция кызматтары эмдөөдөн өтүшүүдө. Алардын ичинде милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, кайгуул-күзөт кызматкерлери, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жана башка кызматтардын кызматкерлери бар.

Вакцина менен эмдөөнүн алдында Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык кызматкерлери милдеттүү түрдө дененин температурасын жана кан басымын өлчөө менен милиция кызматкерлерин текшерүүдөн өткөрүшөт. Каршы көрсөткүчтөрү бар милиция кызматкерлерге эмдөөгө тыюу салынат. Дарыгерлердин айтымында, эмдөөдөн өткөн адамдар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат, алар башкаларга коркунуч жаратпайт жана кызматын уланта алышат.

«Медициналык кароодон кийин мен вакцинанын биринчи дозасын алдым. Ден-соолугумдун абалы жакшы, азыр кызмат ордумда кызмат өтөп жатам. Вакцинация инфекция менен күрөшүүгө жардам берет деп ишенем. Чындап айтканда, пандемия башталгандан бери медициналык кызматкерлер менен менин кесиптештерим коронавируска каршы күрөшүүдө алдыңкы катарда туруп келишти.

Алар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Милициянын жана дарыгерлердин ишмердүүлүгү бир мүнөткө да токтогон жок. Ошондуктан, эмдөө милиция кызматкерлери үчүн жуктуруу коркунучун жокко чыгарат, өздөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздашат", - дейт, биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн Ысык-Көл облустук ИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирбек Таабалдиев.

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлерди эмдөөдөн атайын түзүлгөн графиктин негизинде этап-этабы менен өтүшмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий