• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери мал уурдагандардын тобун кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.02.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери мал уурулардын тобун кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалмалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Тон районунун бир канча жашоочусу милицияга арызы менен кайрылып, жеке короолорунан 6 баш кой уурдалганы тууралуу кабарлашкан. Бул фактылар Тон райондук Ички иштер органынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тоң райондук ИИО криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Нарын облусунун тургуну Ж.М. жана 23 жаштагы Тоң районунун жашоочусу Т.Б. кармалган, алар убактылуу Бишкек шаарында жашашкан.

Шектүүлөр малды түн жарымында уурдап, Бишкек шаарына алып келишип, белгисиз тараптарга базар баасынан төмөн баада сатып жиберишкен. Бирок, шектүүлөр милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин аркасында кылмыштуу ниеттин аягына чейин чыгара алышкан эмес.

Азыркы учурда кармалгандардын облустун аймагында дагы башка ушул сыяктуу кылмыштуулукка тиешеси бар-жогу такталууда.

Пикир

Оставить комментарий