• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жана мектеп мугалимдери диний экстремизмдин алдын алууну талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен облустун билим берүү бөлүмүнүн базасында мектептердин тарбиялоо иштери боюнча мугалимдери менен жолугушуу болуп, анда жаш өспүрүмдөр арасында диний экстремизмдин таасирин алдын алуу боюнча маселелер талкууланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун максаты - жаштардын экстремисттик идеологияга болгон чыдамсыздыгын, радикалдык бирикмелерге жана агымдарга карата терс мамилелерин калыптандыруусун, мыйзамсыз куралдуу топтордун катарын толуктоонун заманбап технологияларына каршы аракеттенүүсүн күчөтүүгө, ошондой эле аймакта улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган.

Ысык-Көл ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жолугушууну ачык диалог форматында өткөрүп, экстремисттик багытындагы видеотасмаларды тартуулашты. Экстремизм жана терроризм боюнча каралган кылмыш-укуктук жоопкерчиликтер каралып, жаш өспүрүмдөргө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына өзгөчө талкууланды.

Жолугушуу учурунда бүгүнкү күндө облустун айрым айыл-шаарларында диний экстремизм маселелери курч көйгөйлөрдүн бирине айланып баратканы айтылды.

Эгерде буга чейин облустук ички иштер башкармалыгы бир гана "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө каршы күрөш жүргүзүп келсе, ушул тапта Кыргызстанда мыйзамсыз деп табылган башка диний агымдар кеӊири кулач жайып жаткандыгы белгиленди. Өзгөчө акыркы мезгилде аймакта “Йакын Инкар” диний агымынын идеологиясынын активдешүүсү тынчсыздандырууда.

Иш-чаранын соӊунда, катышуучуларга диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу жана сунуштарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Бардык катышуучулар мекемелердин расмий сайттарына, Интернеттеги социалдык топторго керектүү материалдарды берүү, тематикалык видео китепкананы толтуруу, тиешелүү укук коргоо уюмдары менен эки тараптуу өз ара аракеттенүү, билим берүү мекемелеринин тарбия ишине катышкан кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу аркылуу жаш өспүрүмдөргө жана ата-энелерге кошумча маалыматтарды берүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий