• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жаш кызды өз жанын кыюудан сактап калышты

Коом 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жаш кызды өз жанын кыюудан сактап калышты.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 27-мартта Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү Мырзабек Саркеев өзү тейлеген аймакта мектеп окуучуларынын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүп жатып, 8-класстагы кыз классташтарына жана ата-энесине таарынып, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат алат.

Мырзабек Саркеев кесиптеши Айдана Анварбекова менен биргеликте окуучу кыздын жана анын ата-энесинин өздүктөрүн аныкташат. Кыздын энеси жолугуп, өз ара пикир келишпестиктен кызын урушуп салгандыгын жана кызы белгисиз тарапка кетип, телефону да өчүк болуп жатканы белгилүү болот.

Милиция кызматкерлери бир нече даректер боюнча кызды издешип, көчөлөрдөн, короолордон карашып, шаардын аймагын кыдырышат. Бир аздан кийин, алар кыз облустун борборунда жайгашкан кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде экендигин билишет.

Ал жерге келген милиция кызматкерлери кыз менен диалогго барууга аракет кылышат. Бирок, өспүрүм аларга маани бербей, терезеден секирип өз жанын кыюуга даяр экенин айтат. Дагы бир сүйлөшүүгө аракет көргөндө, кыз ага эч ким жолобошун талап кылат. Учурдан пайдаланып Мырзабек каршылык көрсөткөн кызды тезинен тартып алат. Куткарууга анын кесиптеши Адинай да тартылат.

Жагдайды териштиргенде, кыз буга чейин оорусуна байланыштуу УЗИден текшерилген. Бирок, кээ бир окуучулар мектепте анын боюнда бар имиш, ошондуктан ал дарыгерлердин кароосунан өтүп жатат, деп ушак чыгарышкан. Күн сайын анын дарегине айтылган ушак сөздөр, ага кошумча ата-энеси менен болгон түшүнбөстүктөр кызды айласыз кадамга барууга түрткү болгон.

Милиция кызматкерлеринин өз убагында аткарган иш аракетинин аркасында өспүрүмдүн өмүрү сакталып калган.

Учурда өспүрүм менен психологдор жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий