• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн облустун аймагында ачылган шайлоо тилкелеринде коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын өздүк курамы атайын көрсөтмөгө чейин, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Бардык шайлоо тилкелери мурдатан текшерилип, шайлоо аяктаганга чейин милициянын 24 сааттык кайтаруусуна алынган.

Шайлоо тилкелеринде милиция кызматкерлери менен бирдикте коомдук тартипти элдик кошундардын өкүлдөрү, автомектептердин курсанттары жана ички иштер органдарынын ардагерлери камсыз кылышууда. Шайлоо мыйзамдарынын бузуу фактылары боюнча түшкөн кайрылууларга жана даттанууларга өз учурунда жана ыкчам аракет көрүү максатында, областтык жана территориалдык милициясында тергөө-ыкчам топтору күчөтүлүп, шайлоо учурунда өздөрүнүн компетенциясында кечиктирилгис чараларды көрүшөт.

Ысык-Көл ОИИБден белгилегендей, борбордук башкармалыгында, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө, тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын ишмердүүлүгүн кардинациялоо боюнча штабтар түзүлгөн, жетекчилик курамдын тынымсыз кезмети уюштурулган, кошумча күчтөрдүн жардамы менен калктуу пунктардын көчөлөрүндө кайгуул иштери жүргүзүлүп, алардын айрым бөлүгү шайлоо тилкелеринде жакындатылган.

Пикир

Оставить комментарий