• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Ысык-Көл райондук милициясынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлерине Бает айылында жайгашкан пансионаттардын биринде 45-50 жаштагы адам мыйзамсыз ок атуучу куралды өзү менен алып жүрөт деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган маалымат райондук милициянын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө тапшырмасынын негизинде мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөн шектүү адамдын өздүгүн аныкталган. Ал Чүй облусунун Лебединовка айылынын 49 жаштагы тургуну Л.Х. болуп чыккан. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда андан « ТТ» үлгүсүндөгү тапанча алты огу менен далил зат катары табылып алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жана кошумча далил заттарды табуу максатында мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөн шектүү адамдын жашаган үйүндө дагы сакцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда тапанча үлгүсүндө кошумча курал, 10 октору менен табылып алынды.

Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында алынган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий