• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө милициянын ыкчам каттоосунда турган эки адам кармалды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.18. /Кабар/. Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында КР ИИМдин, Ысык-Көл ОИИБдин жана Ысык-Көл РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан КР ИИМдин ыкчам каттоосунда турушкан, Бостери айылынын эки жергиликтүү тургуну кармалган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматк ылайык, алынган санкциясынын негизинде үйлөрүндө мыйзамдуу тинтүү жүргүзүү учурунда 26-жаштагы Бостери айылынын тургуну, мурда КР КЖКнын 169 (каракчылык) беренеси менен соттолгон Ү. уулу Бактыбектин үйүнөн мыйзамсыз сакталган марихуана баңги заты табылып алынды. Контролдук салмагын өлчөдөө баңги заттын салмагы 2 кг. 700 гр. түзгөн.

“Ушул эле айылдын 27-жаштагы тургуну, мурда КР КЖКнын 170 (опуза талап) беренеси менен соттолуп келген М. Айдардын үйүнөн мыйзамсыз сакталган 5,45 мм. автоматтын 11 октору табылып алынды. Эки факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246 (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) жана 241 (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренелери менен кылмыш иштери козголуп, кылмышка шектүү катары кармалышкан адамдар райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,-деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий