• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталып жүргөн 100дөн ашык ок атуучу курал алынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. «Арсенал» комплекстүү иш-чарасынын жыйынтыгы чыгарылып, бир ай ичинде Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз сакталып жүргөн 100дөн ашык ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-январынан 19-февралына чейинки аралыкта Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан онлайн-режимде өткөрүлгөн «Арсенал» комплекстүү иш-чарасынын жыйынтыктары чыгарылды. Иш-чаранын негизги максаты курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу, ошондой эле ок атуучу куралдар менен байланышкан кылмыштардын алдын алууга багытталган.

Бир айлыктын жүрүшүндө 700дөн ашык милиция кызматкерлери жана 150гө жакын коомчулуктун өкүлдөрү катышып, алар тараптан 23 уруксат берүү объектилери, 3 миӊден ашык мергенчилер жана белекке берилген травматикалык куралдардын ээлери текшерүүдөн өтүштү. Көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында 110 мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар алынды, ошондой эле курал-жарактардын сактоо жана каттоо мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн Бузуулар кодексинин негизинде 451 протокол түзүлүп, 51 миӊ сомго айып пул салынды.

Ошондой эле, Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишевдин айтымында, бир айлыктын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине Жети-Өгүз районунун аймагында «Маку» аттуу жаран үйүндө мыйзамсыз снайпердик мылтыкты сактап жүрөт деген маалымат түшкөн.

Аталган маалымат боюнча тийиштүү издөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн адамдын өздүгү аныкталган. Ал Саруу айылынын 43 жаштагы тургуну А.М. болуп чыгып, анын үйүндө санкцияланган тинтүү жүргүзгөндө үйүнүн чатырына катып койгон «Тигр» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал оптикасы менен алынды.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Ок атуучу куралдын кайсыл жерден чыкканын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалды.

«Бир айлыктын жүрүшүндө милиция кызматкерлеринин ишинин негизги багыты мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталды. Натыйжада, 100гө жакын жаран өз ыктыялары менен ата-энесинен же туугандарынан катталбай калып калган ок атуучу куралдарды өткөрүп беришти. Тиешелүү экспертизаларды жүргүзгөндөн кийин, эгерде бул куралдар ар кандай укук бузууларда байкалбаса, анда алар өз ыктыяры менен куралдарды тапшырган жарандарга кайрадан катталат”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Бекишев.

Бир айлыктын жүрүшүндө мурда катталган 61 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 4 кылмышкер колго түшүрүлдү, баӊги заты менен байланышкан 12 кылмыш аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий