• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Көлдүн 14 дарыгерине алыскы элет элин тейлөө үчүн унаалар тапшырылды (Сүрөт)

Ден соолук 0

Бишкек, 08.09.17. /Кабар/. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинде Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өзүз жана Түп райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна “Лада 21310” үлгүсүндөгү 14 унааны тапшыруу аземи болуп өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш чара Кыргызстан саламаттыкты сактоо жаатында 20 жылдан бери кызматташып келе жаткан Швейцария өкмөтүнүн жардамына ылайык иш жүзүнө ашты.

“Саламаттык сактоо уюмдарынын өз алдынчалыгы” долбоору улуттук “Ден Соолук” программасын ишке ашырууда өз салымын кошууда.

Анын башкы максаты - элет элинин дарыгерлердин кызматынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жардамдын натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртуу.

2015-жылдан тарта аталган долбоор Ысык-Көл облусунун пилоттук райондору Тоң, Жети-Өгүз жана Түптө ишке ашырыла башталган.

26га жакын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу аталган райондордогу калкка биринчи медициналык жардам көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий