• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдөн 35 кап таштанды менен эски балык торлору чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Ысык-Көлдөн 35 кап таштанды менен эски балык торлору чыгарылды.

"Таза Ысык-Көл" коомдук фонду билдиргендей, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин колдоосу менен 1-2-август күндөрү 6 суучул менен үч ыктыярчы көлдү сууда жаткан таштандылардан тазалашкан. Аларга Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү көмөк көрсөтүшкөн.

"Эки күндө 800 метрге жакын эски балык торлору жана 35 кап желим идиш чогултулган", - деп билдиришти фонддон.

Пикир

Оставить комментарий