• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдүн аймагына полиэтилен пакеттерин киргизүүгө тыюу салуу боюнча парламенттик угуу өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча 1 мартта парламенттик угуулар өтөт.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Кыргызстандагы "жашыл" экономикага өтүү боюнча парламенттин Коомдук кеңешинин ишинин чегинде иштелип чыккан.

Ыссык-Көл көлүнүн акваториясынын жаратылышын жана экологиясын коргоо боюнча иштин көңүл чөгөрөрлүк абалына карата экологдор, активистер, жарандык секторлор тарабынан келип түшкөн кайрылуулардын саны өсүп бара жатканынан улам, Коомдук кеңеш тарабынан Ысык-Көл биосфералык аймагын туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүнө жана келечегине көңүл бурууга, жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын изилдөөгө, айлана чөйрөгө полиэтилен пакеттеринин жана пластик идиштеринин жагымсыз таасирин кыскартууга багытталган сунушталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо, ошондой эле ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоого чечим кабыл алынды.

Андан тышкары, таңгактоочу материалдардын жаңы өндүрүшүн стимулдаштыруу жана ПЭТтин продукцияларынын ордун толтуруу, жаратылышка зыян келтирбеген тез жок болуучу материалдардын өндүрүштүн альтернативдик технологиясын өнүктүрүү жана импорттоо үчүн өзгөчө жеңилдиктердин маселелерин талкуулоо күтүлүүдө.

Ысык-Көлдүн биосфералык аймагын коргоо проблемасы өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, жалпы коомчулуктун көңүл буруусун талап кылат.

• Ысык-Көлгө жылына 1,5 миллионго чейин туристтер келет, бул деген көлдүн экосистемасына эбегейсиз күч келтирет дегендик.
• Пластик нефтини кайра иштетүүнүн продукциясы болуп саналат жана ал чиригенде коркунучтуу заттарды бөлүп чыгарат. Чирүү процесси 50 жылдан 500 жылга чейинки убакытты ээлеши мүмкүн. Алынып келинген жана колдонулган полиэтилен баштыктардын жана бутылкалардын көпчүлүк бөлүгү көлдүн жээгинде топтолуп, түбүнө чөгүп калат.
• Ыссык-Көл областынын аймактарында 83 таштанды жайлары жайгашкан, алардын ичинен 24 санкциаланган жана 58 санкциаланган эмес. Таштанды жайларынын жалпы аянты 49,35 га аянтын түзөт.
• Бүгүнкү күндө учурдагы катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жайгаштыруу полигондорунда экологиялык талаптарды бузуу менен эксплуатациялоонун мөөнөттөрү эчак өтүп кеткен.Чоң шаарлардын таштанды жайларынын көпчүлүгүнүн эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрү 15-20 жылга эсептелинген, бирок бул 30 жылдан ашуун мөөнөткө создуктурулган.
• Ыссык-Көл областынын аймагында (дегеле республика боюнча алганда) катуу турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод жок.
• Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча КТКдын жылдык көлөмү 94 000 ашуун куб метрди түзүп жатканда мунун ичинен пластиктин үлүшү 30 дан 50 пайызга чейинки көлөмгө жетиши мүмкүн.
• Ар жыл сайын волонтерлор өз күчтөрү менен көл түбүнөн жана жээктерден тонналаган пластиктерди жыйнашат.
• Ыссык - Көлдүн фаунасы үчүн эң чоң коркунучту микропластиктер жаратат.
• Азыркы учурда көлдө жашаган эндемикалык балыктардын бир канча түрлөрү жана жерде-сууда жашоочулардын жок болуп кетүү тобокелчилиги бар.
• Мыйзам долбоору 2018-жылдын 2- августунда коомдук талкуулар үчүн Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий