• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдүн Бает айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бает айылында заманбап үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов жана жергиликтүү тургундар, медицина кызматкерлери катышты.

Медициналык мекеменин курулушуна жеке ишкер Саламат Кадыралиев демөөрчүлүк кылган.

Аким Калыбек Жумадылов элдин ден соолугуна кам көрүүгө, саламаттыгын камсыз кылууга багытталган акжолтой медициналык мекеме болуусун айтып, жеке ишкер Саламат Кадыралиевге мындан аркы дагы иштерине ийгиликтерди каалап, жаш муундарга үлгү ала турчу иштерди кылып жаткандыгын баса белгилди.

Саламат Кадыралиевге Ысык-Көл районунун "Ардактуу атуул" наамы ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий