• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдүн башчысы облустагы калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусунда жардамга муктаж 59 миң 969 үй-бүлө бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 59 миң 969 үй-бүлөнүн ичинен 23 миңден ашыгы шаар, райондордун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына каттоодо болгон. Калган 33 миңдей үй-бүлө күнүмдүк иштеп оокат тапкандар болдын катарына кирет.

"Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан облуска биринчи сорттогу 267 тонна ун келген. Ал 5 миң 352 үй-бүлөгө бир каптан таратылган. Андан сырткары, Каракол, Балыкчы шаарынын 15 миңге жакын тургунуна 800 сомдук азык-түлүк баштыкчылары берилди", - дейт ал.

Осмоналиев кошумчалагандай, жардамдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Ал эми ишкер, активисттер тарабынан 20 миңден ашык үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

"Муктаж болгон үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан 708 тонна ун, 104 тонна макарон, 40 тоннадан ашык кумшекер, 89 миң литрден ашык өсүмдүк майы, 1 миң 710 кг эт, 14 миң кг картошка жана 1 млн сомдой акчалай жардам берилди", - деп белгиледи Ысык-Көлдүн башчысы Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий